Ариана Гранде: Манчестерде концерт коем

27-Май 2017, Ишемби

АКШлык поп ырчысы Ариана Гранде “Манчестер” стадионудагы жардырууда жакындарына айрылгандарга, жабыркагандарга көмөк көрсөтүү үчүн концерт коерун билдирди.

Ырчы “Twitter” социалдык тармагындагы баракчасына “Жүрөгүм Манчестер террордук кол салусунда көз жумгандар менен биргеликте. Сиздердин жоготууну мен да башкалар да кайтара албайбыз. Бирок чын жүрөгүмдөн колумдан келгенин кылам. Ушундай окуяларды эмне себептен ишке ашырарын деле түшүнө албай турам. Бизди бөлүп жарууга, жек көрүүнүн жеңишке жетүүсүнө жол бербейбиз. Коркпойбуз. Манчестерге кайтып окуядан жабыркагандарга, жакындарын жоготкондорго көмөк көрсөтүү үчүн концерт коем”,-деген сүйлөмдөрүн жарыялаган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!