“MS-21-300” учагы алгачкы учуусун ишке ашырды

30-Май 2017, Шейшемби

“Airbus A320” жана “Boeing 737” сыяктуу учактардын ордун басары күтүлүп жаткан Россиянын жаңы “MS-21-300” жүргүнчү учагы Иркутск учак заводунун аэропортунан алгачкы учуусун ишке ашыргандыгы белгилүү болду. “MS-21-300” болжол менен 6 миң чакырымдык каттамдарга пайдаланылат. “Tу-154”, “Tу-204/214”, “Airbus A320” жана “Боинг 737” учактарынын ордун алары болжолдонууда.

Рыноктун талаптары эске алынып, батыштын стандарттарына ылайык жасалган түзүм жарандык авиация тармагында “Sukhoi Superjet 100” учагынан кийинки эң ири экинчи долбоор экени айтылды.

Учакты өндүрүү иштери 1980-жылдардын акырында ишке ашпай калган Як-242 долбоорунун негизинде “Яковлев байкоо жана өндүрүш бюросу” менен “Иркут” уюму тарабынан жүргүзүлдү. 2014-жылы Россиянын вице премьер-министри Дмитрий Рогозин “MS-21-300” долбоору Як-242 аталышында болорун билдирген. Бирок 2015-жылы бул аталышты эмес, “MS-21-300” катары калганы белгилүү болду.

2016-жылы 8-июнда Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев бул долбоорго байланышкан салтанатта өлкөсү дүйнөлүк учак өндүрүшүнүн жогорку лигасынан түшпөй тургандыгын, чет элдик учак өндүрүүчүлөрүнө атаандаша аларын баса белгилеген.

“Sukhoi Superjet 100” түзүмүнөн узак аралыкты багындырганы жана жүргүнчү батыруу мүмкүнчүлүгү менен айырмаланат. “SSJ-100” 108 жүргүнчүгө ылайыкталса, “MS-21-300” учагында 211 орундук коюлган. Алгач ал “Pratt & Whitney” мотору менен камсыз болсо, кийинчерээк жергиликтүү “PD-14гө” алмаштырылат.

“MS-21-300” курулушу 2016-жылдын 6-июнь айында аяктаган. 2016-жылы алгачкы сыноодөн өтөөрү пландалганы менен 2017-жылга калтырылган. Сертификатка 2018-жылдын аягында ээ болгондо гана тапшырыктар алынат.

Бүгүнкү күнгө чейинки тапшырыктардын саны 185ке жеткен. Алгачкы кардар “Аэрофлот” болот. Учакка Индонезия, Сауд Арабия, Танзания жана Иран сыяктуу бир топ мамлекеттерден кызыгуу жаралган. Бирок толук макулдашыла элек.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!