Трамп: АКШ климат боюнча макулдашуудан чыгат

2-Июнь 2017, Жума

АКШнын президенти Дональд Трамп 1-июнда өлкөсү климат боюнча Париж макулдашуусунан чыгарын билдирди. Бул тууралуу “Reuters” агенттиги кабарлаган.

“Биз чыгабыз”,-деген Трамп Париж макулдашуусу өлкөгө каржылык жана экономикалык жактан оорчулук келтирерин айтты.

“Америка жана анын жарандарын коргоо боюнча салтанаттуу убадамдан улам Кошмо штаттар Климат боюнча Париж макулдашуусунан чыгат”,-деген Трамп.

Ошондой эле ал АКШ аталган макулдашууну кайрадан карап чыгышарын билдирди. Ошондой эле АКШнын ишканаларына, жумушчуларына, элине жана салык төлөөчүлөрүнө ылайык келгидей жаңы документ кабыл алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Макулдашуунун мүчөлөрүнүн бири делген АКШда парник газынын абага таралуусуна чара көрүү шайлоо алдында Трамптын башкы убадаларынын бири болгон. Ал 2016-жылдын 10-ноябрында “климаттын өзгөрүүсү улуттук коопсуздук сыяктуу эң маанилүү маселелерден”,-деген.

Дональд Трамп абанын булгануусу жагынан лидерликти бербеген Кытай келишимде каралган милдеттемелерди аткарбай жаткандан кийин бул документтин АКШга анча зарылдыгы жок деп эсептейт. Ал эми Евро биримдик Париж макулдашуусуна көмөк көрсөтөрүн жарыя кылды.

Белгилей кетсек, 2015-жылы кабыл алынган Климат боюнча Париж макулдашуусу тарыхта бул тармактагы эң ири келишим болуп саналат. Курамына кирген мамлекеттер документке “адамзаттын келечеги” деген баа беришкен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!