Англичандарды сабырдуулукка чакырышты

19-Июнь 2017, Дүйшөмбү

Улуу Британиянын ички иштер министринин жетекчиси Амбер Радд бөлүп-жарууга аракет кылгандарга каршы англичандарды биримдикти сактап жана ынтымакта болууга чакырды. Министрдин билдирүүсү “Guardian” басылмасына жарыяланган.

“Менин оюм Финсбери Паркында үрөйдү учурарлык окуядан жабыр тарткан бардык адамдар менен", - деп Радд Лондондун түндүк тарабында болгон өзгөчө окуя тууралуу билдирди.

Эскерте кетсек, дүйшөмбү күнкүгө караган түнү Лондондун түндүк тарабындагы мечиттен кечки намаздан кайтып келе жаткандарды унаа менен сүзүп кетүү фактысы кабарланган. Полициянын билдирүүсү боюнча бир адам көз жумуп, 10 адам жаракат алышкан. Шектүү делип 48 жаштагы адам кармалды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!