Тажикстан: согуштун аяктаганына 20 жыл

27-Июнь 2017, Шейшемби

Аталган өлкө шейшемби, 27-июнда беш жылдык жарандык согуштун аяктаткан Тынчтык келишиминин 20 жылдыгын белгилөөдө.

Тажикстанда 1992-1997-жылдар аралыгындагы жаңжалда 100 миңден ашык адам көз жумса, миллиондон ашык тургундар качкынга айланган. Ошондой эле өлкө 7 миллиард доллар өлчөмүндө экономикалык чыгымга учураган.

Согушту аяктаганы тууралуу макулдашууга 1997-жылдын 27-июнунда Москва шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Бириккен Тажик оппозициясынын лидери Саид Абдулло Нури жана Россиянын президенти Борис Ельцин кол койгон.

СССР ыдырап жатканда Тажикстан бийлиги 1991-жылдагы Август путчун колдогон. Ал ийгиликке жетпегенде өлкөдө коммунисттик партиянын бийлиги алсызданган. Андан улам өлкөнүн түштүк жана чыгыш аймактарындагы Совет мезгилинде тыюу салынган диний уюмдар популярдуулукка ээ болушкан. Өлкөдө массалык акциялар болуп, Душанбе шаарынын аянттарында демонстранттардын лагерлери пайда болгон.

1992-жылдын май айындагы Курган-Тюбе шаарындагы курал колдонулган жаңжалдан кийин жарандык согуш башталган. Ошол мезгилдеги президент Рахмон Набиев 1992-жылдын 7-сентябрында отставкага кетүүгө аргасыз болгон.

1994-жылы апрель айында Бириккен улуттар уюмунун эгидасынын астында Россия, Өзбекстан, Ирана жана Афганистандын катышуусунда сүйлөшүүлөр башталган. Үч жыл аралыгында сүйлөшүүлөрдүн жана кеңешмелердин сегиз айлампасы өткөн. Тогузунчу жолугушууда гана 1997-жылдын июнь айында Тынчтык келишимине жетишилген.

1994-жылдын ноябрь айында өлкөдө бүткүл элдик добуш берүүнүн жыйынтыгында Эмомали Рахмон президент болуп шайланат.

Тынчтык келишимине кол коюлган күн Тажикстанда улуттук ынтымак күнү катары белгиленет. Бул майрам өлкөнүн түрдүү аймактарында президент Рахмон жана өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда өтөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!