АЭСти жабууну талап кылышууда

28-Июнь 2017, Шаршемби

“Тианж” жана “Дул” атомдук реакторлорунун иштөөсүнө каршы чыккан ФРГ, Нидерланд жана Бельгия мамлекеттеринен элүү миңдей тургуну 90 чакырымга жеткен жандуу чынжыр түздү.


Эл аралык демонстрациянын катышуучулары жекшемби, 25-июнда көптөгөн микро тешиктер табылган “Тианж-2” жана “Дул-3” атомных реакторлордун ишин токтотууну талап кылышты. Алардын катарында Бельгия парламентинин депутаттары, саясатчылар жана жергиликтүү администрациянын жетекчилери болгон.

Акциядан эки жума мурда “Тианж-2” реакторунун корпусун ультра үндүк ыкма менен текшерүүдө 70 жаңы тешик табылган. Бирок Бельгиянын Коопсуздук жана ички иштер министри Ян Ямбон АЭС эч кимге коркунуч жаратпай тургандыгын билдирген.

2016-жылы немис парламентарийлери Бельгиянын аталган атомдук электростанцияларын пайдаланууну улантуу жана бардык тургундарга курамында йод камтылган таблеткаларды бекер таратуу чечимин сынга алган.

Бельгиянын “Тианж” АЭСи Германиядагы Ахен шаарынан 70 чакырым алыстыкта, ал эми “Дул” Германиянын чек арасынан болжол менен 150 чакырым аралыкта жайгашкан. Немис эксперттери анын иштөөсү кооптуу деп эсептешүүдө.

Бельгия 2025-жылга атомдук энергияны пайдаланууну толук токтотууну пландоодо. Алгач “Тианж-1”, “Дул-1”, “Дул-2” реакторлору 2015-жылы өчүрүлөрүн билдирген. Бирок өлкө бийлиги аны колдонууну 10 жылга узарткан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!