Путин жана Трамп Астананы талкуулайт

6-Июль 2017, Бейшемби

Россиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын өлкө башчысы Дональд Трамп Гамбургда өтө турган G20 саммитинин алкагында жолугушууда Сирия боюнча биргеликте аракеттерди көрүү жагын талкууга алары күтүлүп жатканын РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирген.

“Менимче Сириядагы абалды жөнгө салуу, бул боюнча Астана процесси талкууланат. Ошондой эле, Америка тарап кызыкдар болсо террорчулук менен биргеликте күрөштү улантуу жагы каралат. Андан тышкары Сириядагы ички абалды жөнгө салуунун артыкчылыктарына көңүл бурулат”,-деди Песков жолугушууда Сирия боюнча берилген суроолорго жооп бергенинде.

Путин менен Трамптын G20 саммитинин аянтчасында жолугушуусу 7-июлга пландалган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!