Катардын жарандарына виза режими киргизилет

18-Июль 2017, Шейшемби

Египет Катардын жарандарынын өлкөгө визасыз кирүүсүнө уруксат берген мыйзамга оңдоо киргизерин жарыялады. Мындай билдирүү Египеттин Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Ахмед Абу Зейидден келген.

Мындай чечим кабыл алынса Египетке барууну каалаган Катар жарандары виза алууга аргасыз болот.


Эскерте кетсек, Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн жана Египет Катарга 5-июндан баштап санкцияларды киргизген.

Катар Перс булуңундагы өлкөлөрдөн компенсация талап кылууда

Катар Перс булуңундагы өлкөлөрдүн эмбарголору келтирген чыгымдын ордун толуктоо максатында эл аралык сотторго кайрылуу жасай тургандыгын өлкөнүн Коргоо министри Халид бин Мухаммед аль-Аттия билдирген.

Ал эл аралык сотко кайрылуу менен эмбарго киргизген Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн жана Египеттен компенсация өндүрүү боюнча доо арызы менен кайрыларын белгилеген.


Доха бийлиги эл аралык укуктук жолдор аркылуу баа берүү жагын караса да Перс өлкөлөрү санкция тууралуу ойлорунан кайта элек.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!