2030-жылы адамдардын саны канчага жетиши мүмкүн?

19-Июль 2017, Шаршемби

БУУнун берген маалыматы боюнча 2030-жылы дүйнөдө элдин саны көбөйөт.

Адамзаттын орточо өмүр сүрүү узактыгына байланыштуу, 2030-жылга карай Жер бетинде жашаган адамдардын саны миллиардга чейин көбөйөт. Чамасы менен 80 жылдан кийин Жер жүзүндө азыркы деңгээли менен салыштырганда 80 жаштан ашкан адамдардын саны жети эсеге көбөйөт.

2030-жылы дүйнөдө жашаган адамдардын саны 8,6 миллиардга, 2050-жылы – 9,8 миллиард, 2100-жылы – 11,2 миллиардга чейин жетээри тууралуу болжолдуу маалымат айтылды.

Бул тууралуу БУУнун башкы катчысынын экономикалык жана дүйнөлүк маселелер департаменти даярдаган "Дүйнөлүк демократиялык жагдай жана анын өзгөрүш перспективалары" тууралуу баяндамасында айтылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!