Зилзаладан Грециянын 100 тургуну жабыркады

21-Июль 2017, Жума

Жер титирөөдөн кийин Түркиянын 70, Грециянын 120 тургуну медициналык мекемелерге кайрылган. Алардын көбүн биринчи силкинүүдөн кийин жыгылгандар жана терезеден чыккан учурда денесин сыйрыткандардан турат.

Грециянын Кос аралында зилазаладан 120 адам жабыркаса, эки адам көз жумган. Бир нече имараттар жана аралдагы эң ири порт жабыркаган.

Күчү 6,7 балга жеткен жер титирөө 21-июлга караган түнү катталган. Очогу Түркиянын түштүк-батышындагы Бодрум курорттук аймагынан 10,3 чакырым, ал эми Грециянын Кос аралынан 16,2 чакырым аралыкта болгону аныкталды. Силкинүү Эгей деңизинин бардык жээктерине сезилип, суу ташкыны менен коштолгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!