Салмагынын айынан 20 милиция иштен кетти

25-Июль 2017, Шейшемби

Тажикстан Республикасынын Ички иштер министри Рамазон Рахимзода Хамро милиционерлердин салмагы боюнча белгилүү чек бар экенин, аны сактабаган 20 полиция кызматынан кеткенин “Sputnik” радиосуна берген билдирүүсүндө айтты.

“Мекеменин талабына ылайык келбеген дене түзүлүштөгү кызматкерлер бар экени аныкталды. Биз аларды иштен бошоттук”,-деди министр.

Ошондой эле ал акыркы жарым жылдан бери ушундай эле себеп менен 20 адам кызматынан айрылганын, алар кыска мөөнөттө салмагынан арыла албаганын айтты.

“Жети кызматкер керектүү процедуралардан өткөндөн кийин кайра кайтарылып ишин улантууда”,-деди милициянын генералы.


Министрдин тапшырмасынын аткарылышы боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Талапка ылайык милиция кызматкерлеринин бою 170 сантиметр болсо салмагы 75 килограмдан ашпашы керек. Андыктан учурда күзөт кызматындагылар спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга киришкен. Жумасына үч ирет 5 чакырым аралыкка чуркашып, спорт залдарына барышат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!