Ыйык жайдагы металл издөөчү түзүмдөр алынат

25-Июль 2017, Шейшемби

Израиль бийлиги араб-мусулман коомчулугунун нааразылыгын жараткан ыйык Чиркөө тоосундагы металл издөөчү түзүмдөрдү алып салууну чечти. Алардын ордуна шектүүлөрдү, курал жана жардыргыч затын алып бара жаткандарды таанып калууга мүмкүнчүлүгү жеткен видеокамералар орнотулмакчы.

Металл издөөчү алкактар ыйык жайда эки израилдик полициянын өмүрүн алган согушкерлердин куралдуу кол салуусунан кийин орнотулган. Андан өтүүдөн баш тарткан мусулмандар нааразычылыгын билдирүү максатында ибадаттарын бир жумадан ашык шаардын көчөлөрүндө кылышкан. Бул абал күч түзүмдөрү менен нааразы тараптын ортосунда кагылышууга алып келген. Андан 10 күн аралыгында Чиркөө тоосунун айланасында 900гө жакын палестиналык жабыркаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!