Римде 8 саатка суу өчөт

25-Июль 2017, Шейшемби

Италиянын борбору Рим шаарында кургакчылыкты алдына-алуу максатында күнүнө 8 саат суу токтотулганы турат.

Глобалдык ысык Европага таасирин улантууда. Италиянын борбору Римде куракчылыкка карата чаралар көрүлүп, ага ылайык 28-июлдан баштап күнүнө 8 саат суу берилбей турган болду.

Мындай абал өлкөдө айыл чарба жана мал чарбачылыгына маанилүү өлчөмдө таасир этүүдө.

Метереологдор Италия акыркы 60 жылдагы эң аптаптуу жай мезгилин башынан өткөргөнүн кабарлаган. Андан келип чыккан кургакчылык көбүнчө Сардиния аралында болуп жатканы баса белгиленген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!