Трамптын реформасы кабыл алынган жок

26-Июль 2017, Шаршемби

АКШ Сенатында Республикачыл сенаторлордун “Obamacare” деген аталышта белгилүү болгон саламаттыкты сактоо боюнча реформаны жокко чыгарууга багытталган алгачкы мыйзам долбоору кабыл алынган жок.

Сенаттын башкы жыйынында 60 колдоого муктаж болгон долбоор 43 макул, 57 жок деген добуштун негизинде артка кайтарылды.

Респубикачыл сенаторлор бир аптада айрым өзгөртүүлөр киргизилген жаңы долбоорду алып чыгары, “Obamacare” реформасын өзгөртүүгө аракет кылары күтүлүүдө.

АКШнын президенти Дональд Трамп Республикачыл сенаторлордун “Obamacare” реформасын жоюу боюнча биринчи тоскоолдуктан өткөнүн жылуу кабыл алганын жазуу жүзүндө билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!