Бензин унааларынан баш тартышат

26-Июль 2017, Шаршемби

Англия өкмөтү абанын булгануусу менен күрөшүү максатында 2040-жылдан баштап өлкөдө дизель жана бензин менен жүргөн унааларга тыюу салынарын билдирди. Ошону менен бирге абага байланышкан көйгөйлөрдү чечүү максатында бюджеттен 255 миллион фунт стерлинг бөлүнөрү белгилүү болду.

Өлкөдөгү экологдор буга чейин өкмөттүн абанын булгануусуна байланышкан аракет пландары ЕБ стандарттарына салыштырмалуу жетишсиз деп эсептешкен жана бул боюнча сотко чейин кайрылган. Алар Англияда абанын булгануусу жылына 40 миңдей адамдын өмүрүнө коркунуч жаратарын белгилешкен.
Өлкөдөгү азот оксиддеринин чегин жогору деп эсептеген, экологдордун пикирин туура деп тапкан Жогорку сот өкмөткө таза аба стратегиясын иштеп чыгууга 31-июлга чейин убакыт берген.


Франциянын президенти Эмануэль Макрон 3 апта мурда өлкөсү 2040-жылдан баштап бензин менен жүргөн унаалардын сатыгын токтоторун айткан. Ал эми Германиядагы “BMW” компаниясы электр тогу менен жүргөн унааларга артыкчылык берилерин, 2019-жылдан баштап Англияда алардын жаңы үлгүлөрү өндүрүлөрүн кабарлаган.

Швециядагы “Volvo” компаниясы 2019-жылдан баштап бардык үлгүлөр электр менен ишеген моторлор менен жабдууну пландаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!