Казакстанда ысык 45 градуска жетет

26-Июль 2017, Шаршемби

Ирандын ысык абасы Казакстанга 45 градуска чейинки ысыкты алып келерин “Казгидромет” кызматынын билдирүүснө таянып “Tengrinews.kz” маалымат кызматы жазган.

“Жакынкы үч суткада Казакстандын батыш, түштүк жана түштүк-чыгыш райондоруна кургак жана ысык аба ырайы болот. Күндүз температура 33-39 градус, айрым жерлерде 40-45 градуска чейин жетет”,-деген синоптиктер билдирүүдө.


Казакстандын беш областына буга чейин аптаптуу аба ырайы тууралуу эскертүү берилген. Анда 28-29-июлда күндүз Батыш-Казакстан, Атырау, Мангистау, ал эми 29-30-июлда Костанай жана Актөбө областтарында күндүн ысыгы 40-43 градуска жетери маалымдалган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!