Израиль 9-майды майрамдайт

27-Июль 2017, Бейшемби

Аталган өлкөдө эми 9-май улутчул Германияны жеңген күн катары майрамдалат. Парламенттин депутаттары бул тууралуу мыйзам долбоорун бир добуштан кабыл алды.

Демилгенин авторлоруну бири, “Израиль биздин үйүбүз” партиясынын депутаты Одед Форер бул мыйзам менен “келечек муундарга Жеңиш майрамын эске салуу Израилдин милдети”,-деди. Ошондой эле ал согушка 1,5 миллион еврей катышканын кошумчалады.

Эске сала кетсек, батыш өлкөлөрү улутчул Германиянын жеңилген күнүн 8-майда белгилешет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!