Панда түрүндөгү энергетика борбору курулууда

27-Июль 2017, Бейшемби

Кытайда энергетика боюнча иш алып барган ишканалардын бири жогорудан караганда панда сыяктуу көрүнгөн күн панелдерин кура баштады.

Өлкөнүн түндүгүндөгү байыркы Жибек-Жолунун чегинде курулган 50 мегаватт кубаттуулукка ээ панелдер жүз гектардык аянтты ээлейт. Азырынча мындай борборлордон экөө болсо, беш жыл ичинде бул көрсөткүчтү жүзгө жеткирүү пландалууда. Ошондой эле бул түзүмдөр көмүртек таштандыларыy 25 жылда 2 миллион тоннага азайтары күтүлүүдө.

Кытайда жоголуу коркунучу жогору делген пандалар улуттун баалуулугу болуп саналат. Аталган өлкө дипломатиясынын алкагында достук мамилесин бекемдегеси келген мамлекеттерге панда белек кылары белгилүү.

Энергетика ишканасы мындай кадамын көп жылдардан бери дипломатияда ролу болгон пандалардын мындан ары да энергетика инвестициясында орун аларына ишенгени менен түшүндүргөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!