Джеф Безос дүйнөнүн эң бай адамы болду

28-Июль 2017, Жума

“Amazon” компаниясынын башкы директору Джеф Безос дүйнөдөгү эң бай адам аталды. Бул тууралуу бейшемби күнү, 27-июлда “Forbes Real Time” журналынын кезектеги чыккан санында анын байлыгы 90,5 миллиард долларга жеткенин кабарланды. Бул “Microsoft” компаниясынын негиздеген Билл Гейтс караганда 500 миллионго артык.

Безоско рейтингинде көч башчылык болуусунун себеби “Amazon”дун баасынын өсүүсү (азыр бизнесменге компаниянын 17 пайызы тиешелүү) камсыз кылды. Бейшенби күнү, акциялар 1,6 пайызга өстү. Ушундайча жол менен Безос 1,4 млрд долларга чейин дароо өсүп, Гейтсти арта калтырды.

2016-жылдын аягында “Microsoft” корпорациясынын негиздөөчүсү дүйнөдөгү эң бай -“Inditex” холдигинин башчысы, анын ичинде “Zara”, “Pull&Bear”, “Massimo Dutti” брендеринин ээси Амансио Ортеганын ордун ээлеп биринчиликке жеткен. Анын байлыгы 78 миллиард доллар, ал эми Гейтстики - 77,9 миллиарды доллар деп бааланган. Бирок ошентсе да “Microsoft” директору 2017-жылы алдыга озунуп чыккан.

«Форбс» 1987 жылдан бери бүткүл дүйнө жүзү боюнча миллиардерлердин байлыгын баалап келет. Безос, 1,6 млрд доллар байлыгы менен, биринчи жолу 1998-жылы дүйнөдөгү бай адамдардын катарын толуктап келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!