Кытай-Россия чек арасына улуттук парк курулат

3-Авг. 2017, Бейшемби

Кытайда Россия менен чек аралаш аймакка алыскы чыгыш илбирстеринин жана амур жолборсторунун түрлөрүн сактап калууну максат кылган улуттук парк курулат. Курулуш иштерин 2020-жылы аяктоо пландалган.

Буга чейин Кытай бийлиги улуттук паркты курууга 1,5 миллион гектар аянт бөлгөн. Ал Россиянын "Земля леопарда" паркына жакын жайгаштырылат. Кытай тарап бул территорияны пайдалануу менен россиялык кесиптештеринин тажрыйбаларынан пайдаланууну максат кылган.

Бул максатта “Земли леопарда” жана Амурдагы филиалдарда Кытайдан келген делегациянын катышуусунда жыйын өттү. Анда сейрек жаныбарлар байырлай турган экологиялык чөйрө түзүү менен бирге жергиликтүү элдерге улуттук паркты башкаруунун жаңы механизмдерин өздөштүрүү жагы талкууланган.

Кытайда акыркы мезгилдерде көрүлүп жаткан жаратылышты коргоочу чаралар экосистеманы кайрадан калыбына келтирүүгө жакшы шарттарды түзгөн. Анын жыйынтыгында бул жайларды байырлаган амур жолборстору жана ыраакы чыгыш илбирстери эки мамлекеттин чек араларында эркин жүрүшөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!