Үлпөт кортежин тик учак коштоду

3-Авг. 2017, Бейшемби

Шымкент шаарынын тургундарын Шымкент - Ташкент жолундагы үлпөт кортежин тик учак жандап кеткени таң калтырды. Бул боюнча видеолор социалдык тармактарга тараган.

Видеодо кортежди тик учак жана бир нече Bentley, Lexus жана Land Cruiser үлгүсүндөгү кымбат унаалар коштоп кеткенин көрүүгө болот.

Бул боюнча полиция иликтөө иштерин баштады. Машиналардагы 13 деген коддогу мамлекеттик номерлерге караганда мындай аракеттер Түштүк Казакстан областтарында болгону болжолдонууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!