​Пакистандын жаңы өкмөтү ант берди

4-Авг. 2017, Жума

Бүгүн Шахид Хакан Аббас жетектеген Пакистан өкмөтү ант берип, өз ишине расмий түрдө киришкенин “Dawn News” телеканалы кабарлады.

Өкмөттүн 47 мүчөсүнүн антын президент Мамнун Хуссейн кабыл алды. Жаңы өкмөттүн курамы 28-июлда паракорчулукка айыпталып кызматынан кеткен Наваз Шарифтин өкмөтүнөн дээрлик айырмаланбайт. Катары 28 федералдык министр жана 19 мамлекеттик министрлерден турат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!