Экс-премьер-министр өлкөдөн качты

28-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Таиланддын экс-премьер-министри Йинглак Чиннават мамлекеттик программаларды аткарууда шалаакылык жана жемкорлук кылганына байланыштуу козголгон доолор боюнча өкүм чыга электе Дубайга качканы белгилүү болду.

Чиннаваттын “Puea Thai” партиясынын өкүлү экс-премьер-министр өткөн аптада өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди. “Алгач Кмбоджага, кийин Сингапурга кеткенин уктук. Андан соң Дубайга барды. Азыр ошол жатка”,-деген ал.

Буга чейин анын чет жакка качканы айтылганы менен кайсы мамлекетке кеткени белгисиз эле.

“BBC” кызматынын кабарына ылайык Йинглак Чиннаваттын агасы, мурдагы премьер-министр Таксин Чиннават дагы Дубайда жашайт. Ал 2008-жылы паракорчулукка байланыштуу иштерден улам Дубайга кеткен.

Каттоодо жок

Полициянын жетекчиси Генерал Сривара Рангсибрахманакул колдорунда Йинглак Чиннаваттын өлкөдөн чыкканы тууралуу документ жок экендигин, бул боюнча иликтөө жүрүп жатканын айтты.

50 жаштагы Йинглак Чиннават өзүнө тагылган айыптоолорду четке кагууда. Эгерде эки жылга созулган иштин жыйынтыгында күнөөсү аныкталса 10 жылга эркинен ажыратылып, саясатка кайта албайт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!