АКШ жана БУУ терактты айыптады

25-Ноя. 2017, Ишемби, 16:48

АКШ 300гө жакын адамдын өмүрүн алган Египеттеги терактка байланыштуу билдирүү жасады. Анда террорчулукка каршы күрөштө дүйнө биргеликте аракет кылышы керектигин айтты.

“Кошмо штаттар Египетте Синай провинциясында мечиттеги террордук окуяны чечкиндүү түрдө сынга алат. Администрация көз жумгандардын жакындарына көңүл айтып, жарат алгандардын сакайып кетишин тилейт. Ошондой эле Египеттин өкмөтүнө террорчулук менен күрөштө колдоо көрсөтөт”,-деп белгилеген.

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Баш катчысы Антониу Гутерреш мечитке кол салууну сынга алды. Ал жоопкерлерди тезирээк таап, жоопко тартууну талап кылды.

Эйфель мунарасы жарыгын өчүрдү

Париждин символу Эйфель мунарасы Египеттеги террордук кол салууда курман болгондорду эскерүү максатында жарыгын өчүргөн. Шаар мэри Анне Хидалгонун тапшырмасы менен жарык түн жарымында өчүрүлүп, мунара караңгылыкка бөлөндү.

Египеттин мамлекеттик телеканалынын маалыматына караганда кол салууда көз жумгандардын саны үч жүздөн ашты. Дагы 130 адам жаракат алган. Дарыгерлердин айтымында жараты оорлор бар. Андан улам курмандыктардын саны өсүшү күтүлөт.

Окуя 25-ноябрда, Бир аль-Абед шаарындагы аль-Рауд мечитинде жума намазы учурунда болгон. Анда жанкечтилер ар тарапка ок атып, бир нече түзүмдөрдү жардырган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!