Facebook миллиондогон аккаунттарды жабат

26-Янв. 2018, Жума, 15:14

Компания жалган (фейк) маалыматтарды жана катталууларды аныктоо, өчүрүү максатында өз системаларын жакшырткандыгы белгилүү болду.

25-январда “Facebook” тармагы АКШнын сенатынын чалгын комитетине кат жолдогон. Анда компания миллиондогон жалган (фейк) аккаунттарды катталуу учурунда жабарын жазган.

“Күн сайын биз миллиондогон жасалма акаунттарды катталуу учурунда жаап жатабыз”,−деп жазган. Ошондой эле ишкана “фейк жаңылыктарды” тааный турган системасын жакшыртканын белгилеген.

Өз кезегинде “Twitter” компаниясы күн сайын 450 миң шектүү логиндерди жаап турарын жазган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!