Иммигранттардын ишенимдүүлүгү текшерилет

7-Фев. 2018, Шаршемби, 14:37

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөдө алты ай ичинде иммигранттардын ишенимдүүлүгүн текшерген улуттук борбор түзүүнү тапшырды.

Мекеменин негизги максаты Кошмо штаттарга келүүнү каалагандар тууралуу маалыматтарды өлкөнүн бардык кызматтарына таратуу, буга байланыштуу процесстерди жакшыртуу болуп саналат.

Дональд Трамп Конгресстен өлкөгө иммигранттардын келүү эрежелерин катаалдаштырууну бир нече жолу суранган. Ак сарайдын башчысы чырмалышкан миграция АКШнын коопсуздугуна жана экономикасына коркунучтарды жаратып жатканын айткан. Террорчуларга жол ачып жатканын, булардан улам визалык лотереяны жоюуга бел байлаганын кошумчалаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!