БУУ: Сирияда 2016-жылы 650 бала көз жумган

13-Март 2017, Дүйшөмбү

Сирияда жаңжал өткөн жылы 650 баланын өмүрүн алганын Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) балдар фонду ЮНИСЕФ билдирди.

Аталган уюмдун маалыматына караганда жүздөгөн балдар оорудан улам көз жумган. Дары-дармектердин, медициналык жардамдардын жетишсиздигинен аларды куткарууга мүмкүн болгон эмес.

ЮНИСЕФтин билдирүүсүндө өткөн жылы 851 бала куралдуу топтордун аскердик аракеттерине катышууга аргасыз болгон. Бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу эки эсе өскөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!