Ким Чен Ын мекенин бириктирүүгө ниеттенип жатат

6-Март 2018, Шейшемби, 15:21

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын мекенин бириктирүү боюнча жаңы тарых ачууга ниеттенип жатат. Бул туурасында ал Пхеньянга Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин жиберген атайын делегация менен жолугушууда айтты.

Корея Элдик Демократиялык Республикасынын лидерине Түштүк Кореянын өлкө башчысы атайын кат жолдогон. Өлкөлөр ортосунда жогорку деңгээлдеги жолугушуу сунушталган каттан кийин Ким Чен Ын бул боюнча токтоосуз чара көрүүнү тиешелүү мекемелерге тапшырды.

Эске сала кетсек, президент Мун Чжэ Индин Пхеньянга келүү сунушу Ким Чен Ындын карындашы Пхёнчханда өткөн олимпиадага келгенде айтылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!