Экономикалык рейтингде Кыргызстан 61 балл алды

12-Окт. 2017, Бейшемби, 16:21

Экономикалык эркиндик индекси рейтингинде Кыргызстан мелүүн экономикалуу өлкөлөрдүн катарына кирди. Мындай рейтингди АКШнын “The Herıtage Foundatıon” изилдөө борбору аныктаган.

Маалыматка караганда, 186 өлкө катышкан рейтингде Кыргызстан 61,1 балл алган. Коңшу Казакстан 69 баллга татыган болсо, Россия 57,1 балл алып артыкчылыктуу эркин эмес экономикалуу өлкөлөрдүн тобуна кирген.

Гонконг (89,9 балл), Сингапур (88,6), Жаңы Зеландия 83,7, Швейцария (81,5) жана Австралия (81) өлкөлөрү алдыңкы орундарды камсыздаган. Ал эми 50 баллдан төмөн алган өлкөлөр экономикасы эркин эмес өлкө катары таанылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!