Кепилдик фонду 11 млн. сомго кепилдик берди

21-02-2017

Кепилдик фонду ишкерлерге 11 млн. сомго 16 кепилдик берди. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.

Анын айтымында өлкөдө учурдагы эң көйгөйлүү маселелердин бири насыяларды күрөө менен камсыздоонун жетишсиздиги.

Ишкерлердин насыя алуу үчүн коммерциялык банктарга берген билдирмелеринин 40-50 пайызы артка кайтарылат. Буга себеп күрөөлүк
камсыздоонун жетишсиз болуп жатышы. Күрөөлүк камсыздоо Бишкек жана Ош шаарларында гана жетишерлик деңгээлде. Бул маселе аймактарда өтө курч бойдон калууда. Анти кризисттик чаранын алкагында 2016-жылы өкмөт кепилдик фондун түзгөн. Фонддун негизги максаты майда жана чакан ишкерлерди колдоо. Түзүлгөн 4 ай аралыгында Кепилдик фонду ишкерлерге 11 млн. сомго 16 кепилдик берди”,-дейт Иманалиев.

Кепилдик фондунун капиталы 282 млн. сом, анын 1 млн. сому бюджеттен бөлүнгөн. Ал эми 210 млн. сом Азия өнүктүрүү банкынын гранттык каражаты. Фонд кепилдик каражатын 1,5 пайыз менен берип жатат. Март айынан тарта 2,5 пайыз менен бере баштайт.

Айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, эт, балык кийим тигүү жана текстиль иштетүү, курулуш материалдарын чыгаруу, туризмди өнүктүрүү, медициналык кызматтарды экспорттоо жана жүк ташуу-логистикалык борборлордун кызматтары фонддун негизги тармактары болуп эсептелет.

Бекхан Асанов

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!