Швейцарияга 436 млн. долларлык алтын экспорттолгон

10-Ноя. 2017, Жума, 14:46

Жыл башынан бери Кыргызстан Швейцарияга 436 млн. долларга алтын экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин соода статистикалары башкармалыгынын жетекчиси Венера Мамбеталиева билдирди.

Анын айтымында, жалпы металл экспорту 27 пайызга өскөн.

Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 4 млрд. 424,4 млн. долларды камсыз кылды. Экспорттук жеткирүүнүн жогорулоосу 15,8 пайызды түзүп руда жана баалуу металлдардын концентраттарын жеткирүүнү 27,5 пайызга камсыздаган. Анын ичинен алтынды экспорттоо басымдуулук кылат. Алтын иштетилген же жарым жартылай иштетилген жана майдаланган түрүндө чыгарылат”,-дейт Мамбеталиева.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!