Кыргызстанда бензиндин баасы кымбатташы күтүлүүдө

Кыргызстанда бензиндин баасы кымбатташы күтүлүүдө
01.06.2023

01.06.2023 - Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы берген маалыматка караганда, июнь айында бензиндин баасы кымбатташы күтүлүүдө. Нарктын литрине 2,5-3 сомго көбөйүшү болжолдонууда. Мындай жагдай Кыргызстан бензин жана дизелдик отун сатып алган Россиядагы мунайзат рыногундагы бир катар факторлорго байланыштуу.

Батыш өлкөлөрү тарабынан санкциялардын киргизилиши мунай өндүрүүнүн көлөмүнүн төмөндөшүнө алып келди, бул өз кезегинде мунай продуктуларын өндүрүүнүн көлөмүнүн азайышына жана нефтини кайра иштетүүчү заводдордо баалардын жогорулашына алып келди. Мындан тышкары, Россиядагы көптөгөн мунай иштетүүчү заводдор пландуу оңдоо иштерин жүргүзүшөт, бул базардагы сунушту азайтып, баалардын өсүшүнө таасирин тийгизет.

Кыргызстанга ири мунай продуктыларын жеткирүүчү Орск, Пермь жана Омск нефтини кайра иштетүүчү заводдорундагы оңдоо иштерине өзгөчө көңүл бурулууда. Мындай жагдайлар мунай продуктуларына сатуу баасынын жогорулашына алып келет.

Нефтетрейдерлер Санкт-Петербург товардык биржасында бензиндин баасы май айында тарыхый эң жогорку чекке жетип, тоннасы 61,7 миң рублдан ашканын белгилешет. Орусиянын бийлиги бензиндин тартыштыгын жана өлкөнүн ички рыногундагы баанын андан ары көтөрүлүшүн алдын алуу үчүн аны экспорттоого убактылуу тыюу салууну караштырып жатат. Бул Кыргызстандагы жергиликтүү жеткирүүчүлөр үчүн кыйынчылыктарды жаратууда, анткени июнь айына карата ресурс менен камсыз кылууда көйгөйлөр жаралууда.

Нефтетрейдерлердин маалыматы боюнча, Аи-92 маркасындагы бензин ушул жылдын апрелинен тарта терс рентабелдүүлүк менен сатылып, ал дизелдик отундун эсебинен компенсацияланат. Буга байланыштуу жергиликтүү Нефтетрейдерлер эки айдын ичинде бензин тобунун чекене баасын бир литрине 5-6 сомго чейин акырындык менен жогорулатууга аргасыз болушууда.

Жогоруда айтылган жагдайларды эске алуу менен, июнь айынын ичинде Кыргызстандын мунайзат рыногунда бензиндин баасы литрине 2,5-3 сомдон жогорулашы мүмкүн. Ошол эле учурда, Нефтетрейдерлер баалардын өсүшүн текшилөө жана кескин өзгөрүүлөргө жол бербөө саясатын улантууга ниеттенишүүдө.