Телефондун балдарга тийгизген зыяны жана пайдасы

01-02-2017

Заман талабына ылайык чөнтөк телефон ар бир балдардан тартып кары-картаңдарга чейин жетти. АКШда жасалган изилдөөлөр көрсөткөндөй 2010-жылы 12 -17 жаштардагы балдардын 75 пайызынын жеке өздөрүнүн чөнтөк телефону бар экендиги аныкталган.

Акылдуу телефондордо оюн ойноо мүмкүнчүлүгү чоң кызыгуу жаратат. Балдар телефонодун пайдасы менен бирге зыяны да болоорун көп түшүнө беришпейт. Ата-энелер өз балдарын жакшы билишет жана ошого байланыштуу кайсы курактан баштап телефон көтөрө алаарын көзөмөлдөшүү керек.

Телефондордун зыяны

Баланын ата-энеси менен болгон мамилеге терс таасир берет. 2 жашка чейин баланын мээси үч эсе тез өсөт. Ата-эненин баласы менен сүйлөшүүсү анын мээ клеткаларынын калыптанышына жардам берет. Бул түзүмдөгү музыка, видео, оюндар баланын аң-сезимин өстүрбөстөн, тескерисинче көнүмүш адатка айлантат. Натыйжасында баланы телефондон алыстатуу кыйынга айланат. Экрандан чыккан жарык уйку гормондорунун иштешине таасир этип уйку бузулат. Телефонду бирөө тартып алса же ойноп жатып экран өчүп токтоп калса бала ызы-чуу салып, ыйлап жиндегенден чаап да жиберет. Мындан улам бала агрессивдүү болуп чыга келет.


Сыналгы, компютерлерге караганда телефондордон көп электромагнит чыгат жана аны менен сүйлөшүп жатканда башты, көздү ысытып, нерв системасына чоң зыян келтирет. Эгерде уюлдук телефон менен чектөөсүз сүйлөшсө иммунитетке чоң коркунуч жаратат.

Статистика боюнча кореялык өспүрүм телефондон бир жылда 2 миң смс, бир күндө 60 смс жөнөтөт. Ал эми 30 пайызы бир күндө эле 100 смс жазып жөнөтүүгө үлгүрөт. Мындан улам кыйсы убакта окуганга үлгүрөт деген суроо жаралат.

Уюлдук байланыш мектепте бир топ тоскоолдук жаратат. Уюлдук каражаттын интернет жана камерасы сынактарда шпаргалка катары колдонулат.

Телефондун пайдасы

Эгерде балаңызга кымбат баалуу аппаратты алып берсеңиз аны жакшы карап, сак болуп, жоопкерчиликтүү болууга үйрөтө аласыз. Жана бул түзүмдү көрүүгө чектөө киргизип коюуга болот. Ушундай жол менен, ал белгиленген лимиттердин чегинен чыкпайт.

Баласы ата-энесине окуусунан кечиккен убакта же кайда жүргөндүгү жөнүндө кабар берүүдө жардам берет.

Мындан тышкары, кээ бир мектептерде окуу куралы катары колдонулган бул акылдуу түзүм жаш балдар үчүн билим берүүдө же белгилүү бир тил үйрөнүүдө зарыл курал болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!