​Салык мыйзамы өзгөрсө кошумча 180 млн. сом түшөт

26-01-2017

3100 кубдан ашык көлөмдөгү авто унаалардан салык алынса бюджетке кошумча 180 млн сом түшөт. Бул тууралуу парламенттин “КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзам долбоору караган жыйынында Экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, авто унаалардан салык алуу боюнча жаңы мыйзам долбооруна ылайык жаңы тариф менен 3000 куб көлөмдөгү унаалардан алынган салык өзгөрүүсүз калат. Ал эми 3100 кубдан 4500 кубка чейинкилерге 6 миң 752 сом төлөнөт. Тактап айтканда салык төлөө 2,5 эсеге көбөйөт. Мында кымбат машинага кымбат салык салынат. Жаңы мыйзам долбоору кабыл алынса, бюджетке кошумча 180 млн сом түшөт.

Эскере кетсек, учурда 3000 куб көлөмдөгү унаага орточо 2 миң 700 сом төлөнөт.

Бекхан Асанов


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!