Мамлекеттик сатып алуулардан 2,9 млрд. сом үнөмдөлдү

21-02-2017


2016-жылы республикалык бюджеттен каржыланган мамлекеттик мекемелер 10,5 млрд сомго товар сатып алышкан. Бул тууралуу маалымат жыйынында Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Даникеев билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик сатып алуулардан 2 млрд. 909,3 млн. сом үнөмдөлгөн.

“2016-жылы мамсатып алуулар порталында өткөрүлгөн сынактардын 55,5 пайызын республикалык бюджеттен каржыланган мамлекеттик мекемелер өткөргөн. 2016-жылы республикалык бюджеттен каржыланган мамлекеттик мекемелер тарабынан 10 млрд. 596 млн сомго товарлар сатылып алынган, кызмат көрсөтүүгө 1 млрд. 345 млн. сом, иш 6 млрд. 868 млн. сомго жана 3 млн. 689 миң сомго консультациялык кызматтар көрсөтүлгөн”, -деди Даникеев.

2015-жылдын көрсөткүчү менен салыштырганда 2016-жылы республикалык бюджеттен каржыланган мамлекеттик мекемелер тарабынан жүргүзүлгөн сынактардын саны 19 миңге өскөн. Ал эми мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө үнөмдөлгөн сумма 961,4 млн. сомго азайган.

Бекхан Асанов

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!