“Telegram”дын ордуна “Telem” мессенджери ишке кошулат

21-Апр. 2018, Ишемби, 11:32

“Казан шаарындагы “Futureinapps” компаниясы блокчейн желесинин базасында жаңы месенджер жасап чыгат”,- деп жазат “ria.ru”.

Бул месенджер Россияда ишин токтоткон “Telegram”дын аналогу болот. “Telem”деги болгон даректер менен смстер шифрленет. Ошону менен бирге, “Telegram” сыяктуу түрдүү боттор болот. Жаңы месенджер 2019-жылдын апрель айында чыгат деп болжолдонууда.

“Биздин компания жасап жаткан месенджердин негизги өзгөчөлүгү катары аңгемеге котормочунун кошулушу мүмкүн. Тактап айтканда сөздөрдү жана добуштук смсти да которууга болот”-дейт “Futureinapps” компаниясынын башчысы Айрат Галиуллин.

Месенджердин аталышы “Telegram”га эч кандай катышы жок деп белгилейт Айрат Галиуллин.

“Telem менен Telegramдын аталышындагы окшоштук – ал жөн гана дал келүү. Telem – биздин патриоттугубуздун далили. Себеби, татар тилинде “телем” сөзү “менинин тилим” деген маанини билдирет”- дейт компаниянын башчысы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!