WI-FI деген эмне?

4-Июль 2017, Шейшемби

Мезгилдин агымы менен жашообуз интернетсиз кызыксыз болуп бараткандай. Туташтыруучу зымсыз интернет талапка ылайык келип, аны үй шартында колдонгондордун саны күн санап өсүүдө. Илим изилдөөчүлөр болсо,Wi-Fiдын адамдын ден соолугуна канчалык зыяны бар экенин да аныкташкан. Wi-Fi түйүнү тууралуу кенен маалымат алыңыз.
Wi-Fi англисче «Wireless Fidelity» деген сөздөн келип чыккан, бизче «зымсыз тактык» же «зымсыз сапаттуулук» деп которулат. Wi-Fiдын тарыхы 1991-жылдан башталат.

WI-FIдын жакшы жактары:

• Зым туташтыруунун кажети жок.

• Кайсы жерде болбосун тездик менен иштейт

• Үйүңүздөгү Wi-Fiды башка жакка которууга туура келсе, ал үчүн кайрадан убара тартып орнотуп отурбайсыз;

• Аны каалаган жерге орнотосуз;

• Кандайдыр бир тоскоолдуксуз эле браузерге кирүү менен интернет колдонуп баштайсыз.

WI-FI менен сиз

  • Каалаган веб-сайтка кирип;
  • ICQ же каалаган башка интернет пейджерин колдоно аласыз.

    WI-FIдын кемчилиги:
  • • Wi-Fiга башка зымсыз колдонулуучу тутумдар, дубал, эмеректер да тоскоолдук кылат;

    • Колдонуучу атайын койдурган сыр сөздү (код) оңой эле билип алууга мүмкүн.

    Анын жол-жобосу азыр жашыруун эмес. Андыктан сыр сөздү болушунча узак жазууга аракет кылуу керек.

    • Адамдын ден-соолугуна зыян.

    • энергиясын көп сарптайт жана ички температурасы көтөрүлүп, иштөө мөөнөтүн кыскартат.

    Ден соолукка тийгизген таасири:

    Wi-Fi электромагниттик талааны түзүп, тирүү организмдин ткандарын жылытуучу касиетке ээ. Уюлдук телефондон чыккан нурлардын басымдуу бөлүгү организмге тери аркылуу кирсе, мээде жана ички органдарда температуранын көтөрүл үшү бир аз гана байкалат. Ал эми Wi-Fi түйүнүнөн чыккан нур андан күчсүз болот. Ошондой болсо дагы сиз көп отурган жер Wi-Fi орнотулган жерден 1 метрдей алыс болуш керек. Кичинекей балдардын баш сөөгү, териси жука болгондуктан нур аларга көбүрөөк таасир этет. Андан тышкары эркектин потенциясына таасирин тийгизип, спермасын алсыздандырат. Колдонбогон учурда аны өчүрүп туруу талапка ылайык. Киши көп иштеген ишканага бир эле Wi-Fi түйүнүн орнотуу керек, же абелдүү интернет койдуруу керек. АКШнын кээ бир штаттарында адамдар атайын Wi-Fi дын зыяндуу нурларынан коргонуу үчүн топу, плащ тиктиришет.

    Үй дубалдарын күмүш жалатылган фольга менен капташат. Фольганын бир түргөгү 800 доллар турса дагы ден соолук үчүн каражат аябайт. Бишкекте жайгашкан кафелер “Wi-Fi бар” деген жарнама менен элди тартса, Амстредамдагы кафелерде “Wi-Fi жок-зыян жок” деген жарнаамалар илинет.

    Бишкек шаарында Wi-Fi ды орнотуу кызматы акысыз жүргүзүлөт. 1-5 бөлмөлүү үйлөргө ылайыкташтырылган Wi-Fiды 1300 сомдон, ал эми 1-2 бөлмөлүү үйлөргө 1000-1200 сомго койдурса болот. Андан чоң үйгө койдурсаңыз, акчасы да арбын болот.

    Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!