Билл Гейтс кечирим сурады

28-Сен. 2017, Бейшемби, 11:40

“Microsoft”тун негиздөөчүсү Билл Гейтс “Ctrl + Alt + Del” баскычтар тиркемесин жасагандыгы үчүн колдонучуулардан кечирим сурады. Бул тууралуу “Федералдык маалымат агентиги” маалымдады.

Азыркы убакта ушул баскычтар тиркемеси менен тапшырманы аткарууга же болбосо колдонуучуну өзгөртүүгө болот. Мурда “Windows” системасыын мурдагы нускаларында, аталган баскычтар бир убакта басылганда компьютер кайрадан жүктөгөн.

“Bloomberg Global Busines” форумунда сүйлөгөн Гейтс, бул комбинацияны киргизүүнү инженер Дэвид Брэдли компьютерди күтүүсүз кайра ишке кошуудан коргоо үчүн өзгөртүүнү талап кылганын моюндады.

Майкрософттун негиздөөчүсү бул операцияны бир баскыч менен ишке ашыруу ыкмасын түзсө болмок экенин белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!