Батперек аркылуу энергия өндүрүү

24-Окт. 2017, Шейшемби, 14:18

Батперекти баардыгыбыз билсек керек. Балалык чакта учуруп ойноп калган кадимки батперек аркылуу Сауд Арабия өлкөсү адамзатка накта пайдасы бар энергия булагын өндүрүүнү көздөшүүдө. Тагыраак айтканда, саудиялык корол Абдолла атындагы илим жана технология университетинин адистери электр энергиясын өзгөчө ыкма менен алуунун жолун сунуштап жатат.

Маалым болгондой, алар сунуштаган нуска боюнча электр энергиясын желден алууга жардам берчү курал кадимки батперекке окшош. Жел куралынын пайдалуулугу анын канчалык бийиктике жайгашканына байланыштуу. Анткени, түрдүү бийиктикте жел ар башка согот. Ушуну эске алган саудиялык инженерлер эң жакшы бийиктикти аныктап, жаңы технологиядагы аэрокуралды сынактан өткөрүп жатышат. Эң кызыгы бул батперек өз алдынча жерге коно алат. Желдин согуусуна карай төрт чакырым бийиктикке чейин көтөрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!