Кылмышкерди кармаган көз айнек

9-Фев. 2018, Жума, 12:20

Кытайдын полиция кызматкерлери адам келбетин тааный алчу функциясы бар “акылдуу көз айнектерге” ээ болушту. Инновациалык түзүмдөр менен Хэнань провинциясынын Чжэнчжоу шаарынын темир жол бекетин көзөмөлдөөчү укук коргоочулар камсыз болду.

Ушундайча полиция Кытай Жаңы жылына (Ай) даярданышууда. Бул майрам туугандар менен бирге өткөрүлөт. Ошого байланыштуу Асман алдындагы элдер бир ай ичинде өлкөнүн баардык аймактарын кыдырып, бир нече миллиард жол жүрүшөт. Жалпы агымга көпчүлүк учурда кылмышкерлер да сиңип кетишет.

Белгилүү болгондой, Чжэнчжоу бекетинде күн сайын 70 ден 120 миңге чейин жургүнчүлөр каттайт.

Смарт-көз айнектер портативдүү түзүмгө кошулуп жана айланадагы адамдардын беттерин текшерип чыгат. Алар коопсуздук камераларына караганда тезирээк жумуш иштей алышат. Тесттик сыноодо түзүм базага тиркелген 10 миң адамды 100 миллисекундда изилдеп чыккан. Мындай көз айнектерди колдонуу менен полиция кызматкерлери издөөдө жүргөн жети адамды жана чет өлкөлүк паспорт менен дагы 26 киши кармашкан.

Мындан сырткары белгилүү болгондой Кытайда эң эле ири делген видео байкоо системасы орун алган. Анда 170 миллиондон ашык камера бар. Алдынкы жылдары бийлик дагы 400 миллион камера орнотууну көздөөдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!