Банкадагы пейзаж

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 14:21

Финляндиядан чыккан фотограф Кристоффер Реландер адаттагы айнек банкаларга ландшафттык сүрөттөрдү «сактап» келет. Маселе чебер фотошопто эмес. Ар бир фотосүрөт кош экспозиция аркылуу жасалат.

Бул ыкманын маңызы бири-биринин үстүнө эки сүрөттү жабыштыруу. Ал үчүн тартуу же басып чыгаруу аркылуу кол жеткизүүгө болот. Мурун тартуу иштерине келгенде штатив жана начар (өтө ачык эмес) жарык керек эле. Эми бул цифралуу фотоаппараттын функцияларынын бири болуп калды.

"Үч жыл бою бала чагым өткөн жерлерди кыдырып келем. Эми анын баарын сүрөткө тартып калуу үчүн гана барам. Негизинен бул Финляндиянын түштүгүндөгү айыл – ал киндик каным тамган жер. Сүрөттөрүмдү азыктар сакталуучу банкаларга «салдым»," - дейт Кристоффер Реландер.

Фотосүрөтчүнүн айтуусу боюнча, пейзаждар физикалык түрдө банкага салынып тартылбагынын билдирди. «Сүрөттөрдүн аралашуусу бир кадрда болот», - деди ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!