Атамбаев Кытайда өтүп жаткан форумда сөз сүйлөдү

10-Апр. 2018, Шейшемби, 11:36

Кечээ, 9-апрелде экс-президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын Боао шаарында өтүп жаткан «Бир алкак – бир жол» аталышындагы форумга катышты. Бул тууралуу КСДП партиясынын маалымат кызматы кабар таркатты.

Маалыматка ылайык, аталган жыйындын жүрүшүндө тараптар курулуш, энергетика, транспорт, логистика, өндүрүш, каржы тармагында пикир алмашышты.

Атамбаев өз сөзүндө «Бир алкак – бир жол» долбоору Азия менен Европанын соода-экономикалык кызматташтыгын бекемдөөдө маанилүү демилге экенин белгилеп өттү. Ал Кыргызстандын географиялык жактан ыңгайлуу аймакта жайгашканын эске салып, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан авто жана темир жол долбоорлорун ишке ашыруу зарылдыгын айтып өттү.

Айта кетсек, Боаостогу Азия форуму 2002-жылдан бери жыл сайын аталган шаарда өтүп келет. Бул жылдагы форум «Бир алкак – бир жол» долбоору темасында өтүп, 11-апрелге чейин созулат. 10-апрелдеги жыйынга 7 өлкөнүн Тышкы иштер министрлери менен Кытай жетекчиси Си Цзиньпиндин катышуусу күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!