УКМК: «Джи эл Макмалдеволопингге» лицензия мыйзамсыз берилген

21-Апр. 2018, Ишемби, 14:12

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында Тогуз-Торо районундагы «Макмалалтын» алтын кен комбинатынын аймагына «Джи эл Макмалдеволопинг» ЖЧК алтын чыгаруу фабрикасын курууга уруксат берүүдө КР мыйзам ченемдерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага караганда, КР Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик экспертиза Департаменти экологиялык экспертизанын корутундусу жок берген макулдуктун негизинде 2017-жылы Тогуз-Торо райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жогоруда аталган фабриканы курууга уруксаат кагазын берген.

2018-жылдын 19-апрелинде бул факты боюнча КР МУКК тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 221-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) негизинде кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!