Абулгазиев УКМКнын төрагасын тааныштырды

21-Апр. 2018, Ишемби, 15:03

Жаңы дайындалган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-апрелде, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин борбордук аппаратынын жамаатына Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалган Идрис Кадыркуловду тааныштырганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Комитеттин кызматкерлерине кайрылууда, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн улуттук коопсуздук органдарындагы Идрис Кадыркуловдун бай иш тажрыйбасын белгиледи.

Өкмөт башчы ведомствонун жаңы төрагасына ийгиликтерди каалоо менен катар анын жетекчилиги астында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети алдыга коюлган милдеттердин үстүндө, анын ичинде коррупцияга, диний экстремизмге жана терроризмге каршы натыйжалуу иш алып бараарына ишеним билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!