КСДП: Түлеев Атамбаевден кечирим сураган

4-Май 2018, Жума, 12:46

Бүгүн, 4-майда КСДП партиясы Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев бир нече жолу кат түрүндө кайрылып, Алмазбек Атамбаевден кечирим сураганын билдирди.

“Айрым адамдардын кезектеги жаңылыш, балким, провокациялык билдирүүсүнө байланыштуу Нариман Түлеев бир нече жолу кат түрүндө кайрылып Алмазбек Атамбаевден кечирим сураганын билдиребиз. Атамбаев Түлеевден кечирим суроону эч качан талап кылган эмес. Демек, кызматтык кылмыштары үчүн соттолгон адамдан кечирим суроону күткөн да эмес”, - деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 3-майда интернетте Нарын облусунда жашаган пенсионер Салыбек Чолуевге шилтеме жасаган маалыматтар пайда болгон. Анда Атамбаев учурунда, эгерде Түлеев өлкө президентинен кечирим сураса, ага кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетүүгө жардам берүүгө даяр экени айтылган.

“Ошондой эле Түлеев соттук чечимдерди кайрадан кароо толкунун демилгелөө менен ага илинип калуу максаты бардыр. Ошентсе да Түлеевдин позициясынын 180 бурчтук жаңы нукка өзгөрүшү эч кимди таң калтырбайт деле. Анткени мурун Нариман Ташболотович өз атасынын көзү тирүү туруп, Курманбек Бакиевди “атаке” дегенин көптөр дале унута элек”, - деп жазылат билдирүүдө.

Эскертке кетсек, Түлеевге Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды сатып келүүдө мамлекетке 33 миллион сомго жакын зыян келтирген деген айып тагылып, 2013-жылы Бишкектин Ленин райондук соту Түлеевди 11 жылга эркинен ажыраткан. Бирок, 2016-жылы Түлеевге эки жолу амнистия колдонулуп, ал мамлекетке келтирген 60 млн сомго жакын чыгымды төлөгөнү үчүн эркиндикке чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!