​“Баластан” бала бакчасы пайдаланууга берилди

19-Апр. 2017, Шаршемби

Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында 180 орунга ылайыкташкан “Баластан” бала бакчасы пайдаланууга берилди.

Бала бакчанын ачылыш салтанатына өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмек Топчубаев, шаардык кеңештин спикери Уулбу Дарипова жана жергиликтүү тургундар катышты.

Белгилей кетсек, “Баласатан” бала бакчасын оңдоп түзөөдөн өткөрүүгө 8 млн. сом сарпталган.

2016-жылы Баткен облусунда 17 жаңы бала бакча курулган. Ал эми Кызыл-Кыя шаарында учурда 13 бала бакча болсо, аларды 2 миңден ашуун балдар тарбияланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!