Окуу жай эл аралык статуска ээ болду

28-Апр. 2017, Жума

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университети (ЭИУ) Эл аралык университет деп аталды. Бул жаңы статус окуу жайдын негиздөөчүсү болгон Кыргыз кооперативдер биримдигинин, Юстиция министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү токтомдору, чечимдери, күбөлүктөрү менен тастыкталды. Бул тууралуу аталган окуу жайынын ректору, Экономика илимдеринин доктору жана профессор Абдилбает Мамасыдыков билдирди.

Окуу жайы 2005-жылга чейин Жалал-Абад Коммерциялык институту деп аталчу, 2005-жылдан Экономика жана ишкердик университети деп атын өзгөрткөн. Статустун өзгөрүшүнө окуу жайынын материалдык-техникалык базасынын өсүшү, жогорку кесиптик билим берүүчү жана кошумча структураларынын диверсификацияланышы, чет мамлекеттик шериктештер менен мамилелеринин тыгыз болушу, андан эл аралык мамилелеринин кеңейиши себеп болду.

“Окуу жайыбыз Кыргызстан жана КМШ өлкөлөрү боюнча алгачкы мамлекеттик эмес жогорку окуу жай катары ачылып (КР президентинин 1993-жылдын 1-апрелиндеги жарлыгы менен), мына 24 жылдан бери жогорку кесиптик билим берүү тармагында ишмердигин ийгиликтүү жүргүзүп келүүдө. Университет мамлекеттик бюджеттен эч каржыланбайт, өздүк каражаттары жогорку жана орто кесиптик билим берүү ишмердигинен, илимий жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрүнөн топтолот. Кызмат көрсөтүүлөрүнөн мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары, уюм-мекемелери пайдаланып турат, анткени университет экономика, менеджмент, юриспруденция боюнча адистешкен билим, илим борбору”, - дейт А. Мамасыдыков.

Эскерте кетсек, акыркы жылдары окуу жайына инвестиция тартуу артып, ал 51 миллион 761,12 миң сомду түздү. Жакынкы аралыкта ЭИУнун негизги шериктеши “Демир банктан” коопсуздукту камсыздоого жана эсеп-кысап иштеринин сапатын арттырууга 2 миллион 920,0 миң сом жана 3500 евро келип түшүшү күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!