Бир адам дубалдын астында калды

3-Май 2017, Шаршемби

Жер титирөө учурунда Чоң-Алайда сарайдын дубалы кулап 1 адамды басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чоң-Алай районунда катталган жер титирөөнүн кесепетинен Жекенди айыл аймагынын Карамык айылында 10 турак үйдүн дубалынан жарака пайда болуп, мындан ары жашоого кооптуу, андан сырткары 1 оорукананын имараты пайдаланууга жараксыз, 1 балдар бакчасы (абалы орто пайдаланса болот), 1 мектеп изилденген (абалы орто пайдаланса болот).

“Ошондой эле, Чулук айылында 1 сарайдын дубалы кулап, 1 адамды басып калган, жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. 1 турак-жайда 2 кыз жалгыз болгондуктан чочуп калышкан ФАПтын медайымдары тарабынан 1 медициналык жардам көрсөтүлгөн, абалдары жакшы”,- деп айтылат билдирүүдө..

Учурда изилдөө иштери улантылууда.

Айта кетсек, бүгүн, 3-майда саат 10:47 де кыргыз-тажик чек арасында 7 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!