Медайымдардын күнү белгиленди

12-Май 2017, Жума

Жалал-Абад шаарындагы Медициналык колледжде Эл аралык медайымдардын күнү белгиленип, 3 кабаттуу окутуу базасынын ачылышы болду. Бул тууралуу шаардык маалымат борборунан билдиришти.

Аталган окуу жайынын мугалимдер жана студенттер жамааты эл аралык кесиптик майрамды белгилөө менен бирге клиникага чейин практикалык жактан окутуу базасынын 3 кабаттуу имаратынын ачылышын уюштурушчу. Бул салтанаттуу иш-чарага шаардын вице-мэри Айзат Раматиллаева, областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Маматжан Миянов, окуу жайдын мурдагы бүтүрүүчүлөрү, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.

Куттуктоо сөзүн айткан шаардын вице-мэри шаардык бийликтер окуу жайын ар тараптан колдой турганын билдирди.

“Окуу жайынын көп жылдык бараандуу тарыхы бар, анын бүтүрүүчүлөрү өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында коомго кызмат көрсөтүп келатышат. Буюрса, окуу жайында мынедан ары да көптөгөң ийгиликтер жана өнугүү болот. Шаар бийликтери окуу жайдын өнүгүшүнө өзүнүн колдоосун берет”, - деди ал.

Салтанат учурунда А. Раматиллаева окуу жайынын жетекчилигине шаар мэриясынын ыраазычылык катын жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Ал эми Медициналык колледжде азыр 1470 студент билими алса, аларга 80 мугалим таалим берип келатат.

Эскерте кетсек, медайымдардын эл аралык күнүн белгилөө идеясы 1953-жылы чыккан, бирок 1965-жылдан бери майрам катары белгиленип келатат. Бул майрам күнү медайымдардын кызматын негиздеген Флоренс Найтингейлдин туулган күнү – 12-май деп аныкталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!