​Кыргызстанда аналогдук берүү өчүрүлдү

15-Май 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 15-майдан тарта Кыргызстанда аналогдук теле берүү өчүрүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.


Буга чейин Кыргызстан санарипке өткөнүнө байланыштуу 15-майда анологдук берүү өчүрүлгөнү кабарланып, өлкөнүн 95 пайызы санариптик телеберүүгө туташкан.

Учурда социалдык пакетте 13 мамлекеттик канал бар. Мындан сырткары, жеке каналдар дагы өз кызматын улантууда. Бишкек шаарында санарип аркылуу 54, Ошто 30дан ашуун канал көрсөтүүдө.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!